УКМК террорчуларды каржылаган топтун мүчөсүн кармады
Бөлүшүү:
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террордук топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.
Ал “Террордук ишкердикти каржылоо”, “Бандитчилик”, жана “Каракчылык” беренелери боюнча айыпталып жатат.
23 жаштагы Ош областынын тургуну Х.Х. терроризмди каржылоо, адам өлтүрүү жана террорчулук пландарды ишке ашыруу үчүн атайын аскердик даярдыктан өткөн жашыруун топтун мүчөсү болгон.
Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content5556
Добавить комментарий ×