Саламаттыкты сактоо министри: Ош базарындагы медборборлордо санитария сакталган эмес
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагында жайгашкан медициналык борборлорду рейд кылды. Бул тууралуу ССМнын басма сөз борборунун консультанты Елена Баялинова билдирди.
Жеке менчик борборлордо болгон кезде анын ээлери же ижарага алуучулардын бири да дарыгерлик ишмердиги боюнча лицензия көрсөтө алган эмес.
“Көптөгөн медборборлор санитарияга каршы абалда турат жана мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды колдонот”,-деп кабарлады Саламаттыкты сактоо министрлиги.
Министр Батыралиев бул жердеги борборлордун абалы төмөн экенин айтты. “Бишкектин Ош базарындагы жеке менчик борборлордун же лицензиясы жок, же санитардык абалы жакшы эмес. Ушундай шарттарда дарылангыңар келеби?,-деп белгиледи ал.
Министрлик туура эмес жагдайдагы медициналык борборлор тууралуу ССМнын коомдук кабылдамасына 0312621023 байланышууну өтүндү.
Ссылка: https://barometr.kg/content5552
Добавить комментарий ×