Кыргызстанда журналисттер нааразылык катары Унчукпоо күнүн жарыялоого даяр, 24 саат жаңылык жазылбайт

24 август 2017 10:02 425 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Медиаэксперт Гульнура Торалиева социалдык түйүндөргө биримдик белгиси катары Унчукпоо күнүн жарыялоону сунуштады.   

Кабарда:

 “Кесиптештер, журналисттер биримдикти билдирип жана Кыргызстандагы сөз эркиндигин эскериш үчүн унчукпоо күнүн жарыялоону сунуштайм. Муну жакынкы күндөрдө жарыялап, уктуруу, берүү, жазуу жана жаңылыктарды жаңылабоону, ошондой эле баракчаларга жазбоону суранам”,-деп сунуштады Торалиева.

Белгилей кетсек, 22-августта Биринчи май райондук сотунун чечими менен "Сентябрь" телеканалы жабылган. 

Ага чейин сот Zanoza.kg. маалымат агенттигинин ишин токтотуу чечимин кабыл алган.

Медиаэксперттер, саясатчылар, журналисттер соттун мындай чечимин сөз эркиндигине кысым катары баалашууда.   

   

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5532



Добавить комментарий