Атамбаев Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Патрушевди кабыл алды

23 август 2017 17:11 510 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстанга жумуш сапар менен келген Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө мамилелерди өнүктүрүү, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле аймактагы жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери тууралуу сөз болду.

Патрушев Бишкекке эки өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарынын ортосунда пландаштырылган жумушчу консультацияларга катышуу үчүн келгени айтылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5522



Добавить комментарий