Бишкек – Торугарт унаа жолунда мас айдоочу каршылаш тилкеге чыгып кетип, эки адам каза тапты

23 август 2017 14:13 501 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкек – Торугарт унаа жолунда мас айдоочу каршылаш тилкеге чыгып кетип, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Barometr.kgге Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынан кабарлашты.

 Бүгүн, 23-августта саат 8.00дө Бишкек – Торугарт айланма жолунда "Ауди 100"  жана  "Ниссан" унаалары кагылышкан.

​ Айдоочулардын бир мас абалында болгон жана катуу ылдамдыкта келе жатып каршылаш тилкеге чыгып кетип башка унаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынан "Ауди" унаасынын айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчү аял каза тапты. “Ниссан” унаасынын айдоочусу ооруканага жеткирилди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5513



Добавить комментарий