Ырчы Динара Акулованын мурдагы күйөөсү алдамчылык үчүн кармалды
Бөлүшүү:
Бишкекте ырчы Динара Акулованын мурдагы күйөөсү Абдумалик Шерматов алдамчылык үчүн кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
22-майда милицияга Шерматов 2015-жылы концерт уюштуруучулардан акча алып качып кеткени тууралуу арыз түшкөн. Ал акчаны кайтарып берген эмес. Акчанын жалпы сумма 600 миң сомду түзөт.
Алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 15-августта Шерматов кармалып, 2-сентябрга чейин камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content5496
Добавить комментарий ×