Жалал-Абад областында үч аял аскадан кулап каза табышты

23 август 2017 11:05 887 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Жалал-Абад областынын Аксы районунда үч аял аскадан кулап кеткен. Бул тууралуу аталган областтын  ички иштер башкармалыганан кабарлашты.

 20-августта  болжол менен 21.30да Авлетим айылына караштуу Ой-Алма жайлоосунда үч аял жана 12 жаштагы бала кулпунай терип кайтып келе жатканда күүгүм кирип кеткен. Алар караңгыда жарды байкабай калышып кулап кетишкен.

Кара-Суу айылынын 1958-жылы туулган тургуну Н.Г, 1967-жылы туулган К.Ж, 1958-жылы туулган О.Г кырсык болгон жерде каза табышты.

 6-класстын окуучусу жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5495



Добавить комментарий