Жанар Акаевдин талапкерлигин өкмөт башчылыкка сунуштап жатышат. Атамбаевге кат жөнөтүштү

23 август 2017 10:03 3192 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Жанар Акаевдин талапкерлигин өкмөт башчылыкка сунуштап жатышат. Атамбаевге кат жөнөтүштү

 Социалдык түйүндөрдүн колдонуучусу президент Алмазбек Атамбаевден парламенттин депутаты Жанар Акаевди өкмөт башчы кылууну сурап кайрылды.

 Кайрылууда:

 “Урматтуу Кыргыз Республикасынын президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович!

 Сиз жаштарга жол бошоткула деп жатасыз андай болсо Кыргызстандын чыныгы патриоттору татыктуулар бул жолдон өтүшсүн.

 Сизге парламенттин депутаты Жанар Акаевди өкмөт башчы кылууну сунуштайм. Жанар Акаев коррупция жана криминал менен күрөшө алат. Бизге таза көз карандысыз эркин Кыргызстан керек”,-деп жазылган кайрылууда.

Сунуш соцтүйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

 Эскерте кетсек, 18-августта Кыргызстандын техникалык премьер-министри президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков болушу ыктымалдыгы айтылган.

barometr.kgге жеке булактардан кабарлашкандай, жаңы өкмөттүн курамын өзгөртпөө сунушталган.

Жаңы өкмөт техникалык болот, тактап айтканда анын миссиясы-шайлоо өткөрүп, андан кийин жаңы өкмөттү түзүү.

 Ошол арада соцтүйүндөрдө Сапар Исаковго карата кара пиар башталган.

 Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5489



Добавить комментарий