2 млн 395 миң 659 сом акча жардамга түштү
Ар бир кыргыз колунан келген жардамын авиа кырсыктагыларга бергенге аракет кылууда. ӨКМнын берилген маалыматына таянсак акча учурда тынымсыз чогулууда. Банкка 18-январь, түшкү саат бирге карата 2 миллион 395 миң 659 сом түштү. Каалоочулар атайын эсепке сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка түрдө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын жетекчиси, подполковник Алмаз Эргешов топтолгон акча үчүн жооптуу. Эки күн ичинде Бишкекте элден 10 тоннадан ашуун гуманитардык жардам чогултулду. Кабыл алуу түйүндөрү иштеп жатат. Андан тышкары, башка аймактарда жана Алматы шаарында да гумжардам түйүндөрү ачылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content547
Добавить комментарий ×