Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны 25-августта болот

22 август 2017 14:56 521 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч. Турсунбеков КР Конституциясына жана “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чакырат. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин КР Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунушу келип түшкөндүгүнө байланыштуу, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык КР Жогорку Кеңешин 2017-жылдын 25-августунда саат 09-30га кезексиз жыйынга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/content5465



Добавить комментарий