Марат Аманкулов: Өкмөттүн курамын өзгөртпөйбүз, болгону жаңы премьерди дайындайбыз

22 август 2017 12:50 734 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Марат Аманкулов: Өкмөттүн курамын өзгөртпөйбүз, болгону жаңы премьерди дайындайбыз 

 “Жаңы министрлер кабинетинин курамы алмашылбайт, болгону жаңы премьер болот”,-деп айтты  КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов Barometr.kgнин суроолоруна жооп берип жатып.

 Ал Сооронбай Жээнбековдун отставкасына байланыштуу коалиция таркабай турганын, коалиция ошол эле курамда жаңы өкмөт башчынын талапкерлигин талкуулай турганын айтты.

 Көпчүлүк коалицияга СДПК, "Кыргызстан", "Бир Бол" кирет.

 Аманкулов депутаттар азыр жаңы премьердин талапкерлигин талкуулай электигин айтты.   

«Жээнбеков  кечээ гана кызматтан кетти, бир аз күндөн кийин парламент чогулганда бул маселе талкууланат”,-деп кошумчалады ал. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5457



Добавить комментарий