Орзубек Назаров: Менин Аделинам төрт суткадан бери кармашып жатат, ал дагы деле комада
Бүгүн, 22-августта бокс боюнча жети жолку дүйнө чемпиону Орзубек Назаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына анын кызы Аделина комада жатканын жазды.
“Достор бүгүн кызымдын күрөшүп жатканына төрт күн болду. Буга чейин жазбаганымды кечиргиле. Баарынан дагы ким жардамга кол сунуп, кан берип көмөктөшкөндөргө ырахмат. Жакшы сөздөрүңөргө колдооңорго ырахмат биз үчүн дуба кылгыла. Кызым дагы деле комада абалы туруктуу бирок абдан оор, Аделинага жардам беребиз. Дарыгерлерге ырахмат. Кудай баарыбызды колдосун”,-деп жазды ал.
Белгилей кетсек, 19-августта жол кырсыгы болуп спортчунун кызы 17 жаштагы Аделина Назарова кырсыкка кабылган. Ал мотоциклдин артында отуруп бара жатканда жеңил унаа менен кагышып, мотоциклист көз жумган.
Назаров соцтүйүндөр Аделинага донор керек экенин жазган.
Ссылка: https://barometr.kg/content5446
Добавить комментарий ×