Чек арачыларга салынган сапатсыз үй буздурулуп жатат

22 август 2017 10:09 412 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас шаарында “Диор” курулуш компаниеси чек ара кызматкерлине көп кабаттуу турак-жайды сапатсыз кыш менен куруп баштаганы аныкталган. Аталган курулуш текшерүүнүн негизинде Экологиялык техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан буздурулуп, кайрадан сапаттуу курулуш материалдары менен куруу талабы коюлган. Бул туурасында Мамэкотехинспекциянын Талас шаары боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору билдиришти.

Алардын айтымында, курулуш иштеринде көп кабаттуу курулушка жараксыз кирпичтер иштетилген. Атайын лабораториядан өткөргөндө, кирпичтин сапатсыздыгы далилденген. Жеринде инспекторлор тарабынан мыйзамсыз иштер токтотулуп, акты, протоколдор толтурулду. Ал эми куруучу ишкананын өкүлдөрүнө административдик айып салынган.

“Учурда сапатсыз курулуш менен салына баштаган материалдар толугу менен буздурулуп, сапаттуу, сертификатты бар куруу каражаттары менен курулуш иштери уланып жатат. Аталган курулуштун жүрүшүн инспекторлор толугу менен көзөмөлгө алышты. Себеби айрым курулуштарда сапатсыз курулуш материалдары дагы колдонуп кетип жатканы жашыруун эмес. Андыктан көп кабатуу курулуш куруп жаткан тараптарга Мамэкотехинспеция эскертет, сапатсыз курулуш материалдарын көп кабаттуу курулуштарга колдонбоо керек. Себеби кооптуу абал жаратышы толук мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5439



Добавить комментарий