Бир миллион доллар алып келе жаткан кыргызстандык аял Делинин аэропортунан кармалды

22 август 2017 09:58 334 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын Дели шаарындагы аэропорттон сумкасына 1 миллион доллар салып келе жаткан кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Business-standart.com, Tribuneindia.com булактары кабарлады.   

ЖМК берген маалыматка таянсак, Нью-Делинин аэропортунда кармалган аял Индиянын борборунан Бишкекке  “Air Manas" авиакомпаниясы аркылуу учмакчы болгон Аялдын аты-жөнү Балтабаева Зухра, 56 жашта. 

 Аялдын капчыгынан жана сумкасынан 66 миң доллар табылган. Ал эми анын жүгүн текшерген учурда 1 млн 41 миң 290 доллар алып келе жатканы аныкталган.

Учурда жагдайды Индиянын бажы кызматы текшерип жатат. Ал эми КРнын Тышкы иштер министрлиги жагдайды көзөмөлдөп жатканын маалымдады.

   

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5437



Добавить комментарий