Ашхабадда көчөгө кир жаюуга тыюу салынды

21 август 2017 16:12 607 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия оюндарынын алдында шаар тургундарына көчөгө кир жаюуга тыюу салынды. Бул тууралуу өлкөнүн көз карандысыз басылмалары жана Ашхабаддын жашоочулары билдиришүүдө. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

«Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын маалыматына караганда, 16-августта Ашхабаддын эки кичи районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү батирлерди кыдырып, 17-августтан Азия оюндары аяктаганга чейин балкондорго кир жаюуга тыюу салынарын эскертишкен. Бирок жашоочуларга тыюу тууралуу расмий документтер көрсөтүлгөн эмес. Андан тышкары эреже бузгандарга 400 манат өлчөмүндөгү айыппул салынарын айтышкан.

Түркмөнстандын Борбордук банкы тарабынан белгиленген расмий курска ылайык, 1 АКШ доллары 3,5 манатка бааланса, көмүскө базарда бир доллар 7 манатка сатылууда.Күн мурун Ашхабадда желдеткичтер менен сплит системаларды алуу чаралары күчөгөнү кабарланган.Түркмөнстан учурда өлкө тарыхындагы эң ири эл аралык спорттук иш-чарага даярдык көрүүдө. Ашхабадда Азиада-2017 оюндары 17-27-сентябрь күндөрү өтөт. 

Ссылка: https://barometr.kg/content5425



Добавить комментарий