Жети-Өгүздө болгон жол кырсыгынан үч адам каза тапты, арасында Россиянын жарандары бар

21 август 2017 14:23 422 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык-Көл областында болгон жол кырсыгынан Россиянын эки жараны каза тапты. Бул тууралуу Barometrге Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

“Жол кырсыгы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында болду, Россиянын эки жараны каза тапты, алардын арасында 12 жаштагы өспүрүм бар”,-деп кабарлашты ИИБден.

Укук коргоо органдарынын берген маалыматына таянсак, авария 19-августта болгон.

 “Россиянын жараны айдаган Тойта Лэнд Крузер унаасы бир нече ирет ала салып кеткен, кырсыктан 48 жаштагы аял жана 12 жаштагы өспүрүм каза тапты”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жол кырсыгынан 47 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну каза болду, аял ооруканадан көз жумган.

Дагы үч адам жаракат алып бейтапканага жеткирилди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5418



Добавить комментарий