Сооронбай Жээнбеков бүгүн өкмөт башчылык ыйгарым укугун расмий токтотот
Бөлүшүү:
Бүгүн, 21-августа саат 12де өкмөттө боло турган жыйында өкмөт башчынын ыйгарым укугун расмий токтотуу маселеси каралат. Өкмөт башчынын милдетин аткаруу кийинки өкмөт шайланганга чейин биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиевге жүктөлөт.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары ушул аптада чогулуп жаңы өкмөт башчынын талапкерлигин талкуулай турганы айтылган.
Күтүлүп жаткандай бүгүн премьер-министр өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө токтотот.
Эскерте кетсек, мамлекет башчылыгына талапкерлерди каттоо 31-августа аягына чыгат.
Ссылка: https://barometr.kg/content5415
Добавить комментарий ×