БШК Сооронбай Жээнбековду президентикке талапкер кылып каттады. Ал үчүнчү номерде болду

21 август 2017 12:20 449 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президентигине талапкер кылып премьер-министр Сооронбай Жээнбековду каттады. Бул тууралуу barometr.kgге БШКдан кабарлашты.

 Мындай чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында кабыл алынды.

 Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык БШКдан каттоодон өтүш үчүн шайлоочулардын 40 миңден кем эмес колун топтош керек, ошондой эле 1 миллион сомдук күрөө төлөп, мамлекеттик тилден сынак тапшыруу кажет.

БШК өткөн аптада Жээнбековду колдогон 46 миң шайлоочулардын колун жарактуу деп тапкан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5414



Добавить комментарий