УКМК: ЦУМга бомба коюлганы тууралуу жалган маалыматты 44 жаштагы киши айткан

21 август 2017 12:11 410 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кечээ 20-августта ЦУМга бомба коюлганы жөнүндө маалыматты ким таратканын аныктады.

УКМКнын басма сөз кызматы берген маалыматка таянсак, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында  жалган маалымат айтып телефон чалган жаран 1973-жылы туулган С. Т. экени аныкталды.

 Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

 Эркек кишинин эмне үчүн мындай кадамга барганы такталууда.

Эскерте кетсек кечээ, 20-августта белгисиз адам 102ге телефон чалып Бишкектеги  борбордук дүкөндө бомба коюлганын айткан, бирок ЦУМдан бомба табылган эмес.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5413



Добавить комментарий