2016-жылдын эсебинен Өзбек калкы жарым миллионго көбөйдү
Бөлүшүү:
Өзбекстандын Мамлекеттик статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылдын 1-январына карата калктын саны 32 миллион 121 миң адамды түздү. Өзбек окумуштуулары мындай көрсөткүч 2020-жылы болорун боолголоп жатышкан. Былтыр калктын саны жарым миллионго көбөйгөн. Калктын 50,6 % шаарларда, калганы айылдарда жашайт. 2016-жылы 275 миң түгөй никеге турган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 12 миңге аз. 29 миңден ашуун үй-бүлө ажырашып кеткен. Никеге тургандардын саны республиканын бардык аймактарында төмөндөгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content541
Добавить комментарий ×