Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

21 август 2017 11:36 458 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад шаарынан анча алыс эмес жерде бүгүн 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:51де күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун кабарлашты.

 Жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда Ор-Казган айылынан 10 чакырым түштүктө, Ак-Терек айылынан 10 чакырым түндүктө Жалал-Абад шаарынан 45 чакырым түндүк тарапта болгон.

 Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Ссылка: https://barometr.kg/content5409



Добавить комментарий