“Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы жогорку деңгээлде өттү

21 август 2017 10:10 677 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19-август күнү Ош шаарында “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Кимберли Роузен, Туризм Департаментинин директору Азамат Жаманкулов, шаар тургундары, меймандары жана туристтер катышты.

Алгач түрдүү түстөргө боелгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолгон Улуу Жибек Жолунун кербени шаардын борборун аралай жүрүштү.

Кербендин жүрүшү Исанов көчөсүндөгү Карл Маркс мектебинен башталып шаардын борбору аркылуу өтүп, Токтогул Сатылганов атындагы бакка барып токтоду. Аларды шаар мэри аксакалдар менен бирге кербен сарайдын кире беришинде тосуп алышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын, алгачкы жолу Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи. -“Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт. Бул кыргыз элинин ынтымагын , улуттардын өз ара биримдигин, өлкөбүздүн тынчтыгын даңазалайт”, - деди А.Кадырбаев.

Иш-чара андан ары сейил бакта уланып Оштун ашпозчулары жасаган тамак-аштар, жер-жемиштер жана дүйүм-тамактар, чыгыштын түрдүү чайлары, “Ош базарындагы” кол-өнөрчүлөрдүн кол-өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлүп, конокторго шаарыбыздын жана жергиликтүү элдин тарыхы, салт-санаасы жана тамак-аш жасоо ыкмалары тууралуу баяндалды. Ага улай “Этно-Ош” тобу улуттук музыка, ыр, бий тартуулашып, С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын актерлору “Кыз узатуу” улуттук салтын, “Бабур” атындагы өзбек улуттук театры “ Жар- жар” айтуу салтын көрсөтүштү. Ошондой эле, коноктор жана туристтерге эс алуу бактын ичинде тушоо кесүү салты жана “Аркан тартыш” улуттук оюну уюштурулду.

Айта кетсек, “Ош Фест - 2017” туристтик фестивалы өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат. Байыркы Кытай менен Рим империясынын ортосунда жайгашкан Улуу Жибек жолу Ош шаары аркылуу өткөн. Канчалаган аска-зоону аралап келген соодагерлер Фергана өрөөнүнө жеткенде алгач эле кереметтүү Ош шаарына киришкен. Ошол доорду элестеткен кербен, чыгыш базарынын түркүн-түрлүү боектору, жыты баш айландырган дүйүм тамактары — мунун баары аталган фестивалда көрсөтүлдү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5405



Добавить комментарий