Тажикстанда аскер аэродромун кеңейтүү үчүн үйлөр бузулууда

19 август 2017 13:00 384 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажик бийлиги Айни аэродромунун аянтын кеңейтүү үчүн стратегиялык объектинин жанындагы 400 турак-жайды бузууда. Үй ээлерине жер тилкесин жана курулушка акча бөлүп берүү убадаланган. Бирок азырынча тургундар акчаларын алыша элек. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Дүйшөмбүдөн алыс эмес жайгашкан Гиссар районундагы Айни аэродрому – стратегиялык маанидеги объект: анда тажик аскер-аба күчтөрүнөн сырткары орус армиясынын авиациясы да жайгашкан.

Тажикстан бийлиги жакында аэродромдун аянтын 250 гектарга чейин кеңейтүү үчүн анын айланасындагы 400 турак-жайды бузууну чечкен. Азырынча 22 үй жарым-жартылай бузулуп бүтүп, дагы 48и кезекте турат.

«Бизге үйдү бошотууга 24 гана саатыбыз бар экенин айтышты. Эртеси эле тракторлор келип иштей башташты», — деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Ссылка: https://barometr.kg/content5388



Добавить комментарий