Бишкекте кыз жаш жигитти таш менен чаап өлтүрдү

19 август 2017 11:29 351 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкекте 22 жаштагы кыз жаш жигитти  таш менен чаап өлтүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 17-августта Гоголь жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жигит кансырап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барган. Жигиттин жанында колу канга боелгон кыз отурган, ал жигитти таш менен өлтүргөн.

 Жаш жигит ооруканага бара жаткан жолдо каза тапты.

Аталган факты боюнча Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду. 22 жаштагы кыз камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/content5382



Добавить комментарий