Кол сунгандан Жогорку Сот дагы артта калган жок
Бөлүшүү:
Учак кырсыгына кабылгандардын фондуна болгон мекемелердин баары бир күндүк айлык маянасын которууда. Мындай жардам берүүдөн Жогорку Сот дагы артта калган жок. Бир күндүк эмгек акыны которуу чечимин Жогорку соттун маалымат кызматы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-Суу айылындагы «Боинг-747» жүк ташуучу учактын авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көӊүл айтышат жана жабыркагандардын бирдиктүү эсебине бир күндүк эмгек акысын которушат»-деп билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content536
Добавить комментарий ×