Президентикке талапкерлер эмне менен алектенип жатат. Бакыт Төрөбаев өзүнүн сүрөтүнө суктанууда

17 август 2017 12:24 533 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламенттин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев өзүнүн сүрөтүнө суктанууда.

 Социалдык түйүнүндөгү баракчасына ал жылмайып күлүп турган сүрөтүн жарыялап, сейрек кадр болгонун жазды.

“13-августта Ошто партиянын активи менен жолугушкан маалда сөз алып сүйлөгөндөрдүн бир маанайды көтөрдү.Күлкүдөн өзүңдү тыя албай калган учурлар болот. Чын дилден күлгөн сүрөтүм сейрек кадр болгон экен”,-деп жазды Төрөбаев.

Белгилей кетсек, Barometr.kgнин редакциясы шайлоо алдындагы өнөктүктө президентикке талапкерлер эмне менен алектенип жатканын жазууда.

Буга чейин Barometr.kg Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев жөнүндө жазган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5304



Добавить комментарий