Өзбекстанда өлкөдөн чыгуу визасы жоюлду

17 август 2017 11:18 467 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 16-августта өлкөдөн чыгуу визасын жоюу тууралуу жарлыкка кол койду. Ушул эле жарлык менен өлкөдө биометрикалык чет өлкө паспорттору киргизилет. Жаңы эрежелер 2019-жылдан тарта күчүнө кирет.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Жарлыкта өлкөдөн чыгуу визасы Өзбекстан жарандарынын эркин жүрүүсүн чектей турган фактор болуп эсептелери айтылган. Ошондой эле анда чет өлкөлүк паспортторду киргизүү калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, өлкөдөн чыгуу документтерин толтуруудагы бюрократиялык тоскоолдуктарды жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтышы керектиги жазылган.

Буга чейин Өзбекстан бийлиги потенциалдуу жоочулар менен саясий диссиденттерди кара тизмеден чыгарып жатканы кабарланган. Бул өз кезегинде катуу авторитардык режимдеги мурдагы советтик республикада жумшактык өкүм сүрө баштагандай кабылданган.

Ссылка: https://barometr.kg/content5295



Добавить комментарий