Оштук Элнуранын кыялы орундалып, президенттен белек алды
Бүгүн, 16-август күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдан келген белекти, №9 А.Рудаки атындагы мектеп-гимназиясынын 3-классынын окуучусу Элнура Эсеналиевага тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Шаар башчысы Элнура мектепте алдынкы окуучулардын катарын толуктай тургандыгын билдирип, дагы да билим алып, ийгиликтерди багындыра бер деген тилектерин айтып өттү.
9 жаштагы кыздын апасы Эльмира Эсеналиева өлкө башчысына 20 күн мурун кызынын катын жөнөткөндүгүн айтып, ыраазычылык билдирди.
“Сыналгы көрүп олтуруп, президентке кат жөнөтөлү деген оюн айтты. Анткени, 13-август кызымдын туулган күнү эле. Катына аквариум балыктары менен белекке бериңиз деген каалоосун жазып, мага бергенинен, жөнөтүп койдум. Өлкө башчыбызга ыраазычылык билдирем, кубанычымда чек жок ”, - дейт Э.Эсеналиева.
Ал эми кичинекей Элнура аквариум балыктарына көптөн бери кызыгып жүргөндүгүн, көптөн берки кыялын Өлкө башчысы орундатып, туулган күнө күтүүсүз белек кылгандыгы үчүн кубанып жаткандыгын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content5259
Добавить комментарий ×