Москвада мас болуп алган кыргызстандык кафеге келгендерди айнектин сыныгы менен коркутту
Бөлүшүү:
Москванын борборундагы кафеде Кыргызстандан барган жаран ошол жерде иштегендер менен келгендерди айнектин сыныгын жана бычак алып коркутту. Бул тууралуу «Москва» агенттиги маалымдады.
Полицияга Пятницкой көчөсүндө жайгашкан кафенин администратору кайрылган ал келген конок айнектин сыныгын алып жулунуп жатканын айткан.
Окуя болгон жерге барган полция мас болуп алган 23 жаштагы кыргызстандыкты кармап, андан соң ооруканага алып барышты, анткени ал жыгылып кетип башынан жаракат алган.
Ага карата бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/content5253
Добавить комментарий ×