Бүгүн Кыргызстанга Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов келет

16 август 2017 09:46 512 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет. Ал өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышып, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, 17-августта эки тараптуу кызматташтык жана чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт.

2016-жылдын соңунан бери эки мамлекеттин тийиштүү адистери чек ара маселеси боюнча он бешинчи ирет жолугушту. Эки өлкөнүн расмийлери тең сүйлөшүүлөр жакшы маанайда өтүп жатканын, жылыштар бар экенин белгилешет. Бирок азырынча маселе качан аягына чыгаары айтыла элек.

Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасы 1378 чакырымга созулат, анын 230 чакырымы такталып бүтө элек. Талаш аймактарда буга чейин бир канча жолу жаңжал катталган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5231



Добавить комментарий