Бүгүн Кыргызстан аза күтөт
Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык кечээки Дача-Суу айылындагы кырсыктан каза болгондордун урматына бүгүн Кыргызстан бир күндүк аза күтөт. Буйрукка президент кечээ кол койгон.
Буйрукта:
Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыялансын.
Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу түшүрүлсүн.
Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн. Бул жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Бүгүн буйрук күчүнө кирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content523
Добавить комментарий ×