Sports Awards-2016: Мыктылар аныкталды.
Кечээ, 15-январда салтка айланган Sports Awards-2016 сыйлыгынын жыйынтыгы чыгарылып, topsport.kg сайтынын тандоосу боюнча Кыргызстандын мыкты спортчулары аныкталды/ Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн иш-чараны коомдук-ишмер Темир Сариев ачып берди. Иш-чаранын алкагында ал "кыргыз спортуна кошкон салымы үчүн" сыйланды.
Topsport.kg редакциясы "Жылдын мыкты спортчусу" деп оор атлетчи Иззат Артыковду тапты. Ошондой эле редакциянын чечими менен "Эрдиги үчүн" сыйлыгына паралимпиадачы Эсен Калиев жана жаш грэпплингчи Бакыт Тургунбаев ээ болушту. Ал эми сыйлыктын негиздөөчүсү Динара Орозбаеванын "Атайын сыйлыгы" кикбокс жана ушу-саньшоу чебери Авазбек Аманбековго тапшырылды. Номинациялар боюнча мыктылардын тизмеси менен төмөндө таанышып алсаңыздар болот.Күтүлгөндөй эле кече шоу-программа менен коштолуп, спортчуларды Айыма Айылчиева, Айбек Бактыбеков, "Чоро" тобу, Эдик Кылыч, Уланбек Касымбековдор ырдесте сунуп куттукташты. Кеченин өзгөчө номери Курал Чокоев менен Турсунбек Асылгазиевдин дуэт болуп ырдаганы болду.
Ошентип, 2016-жылдын мыктылары булар болду:
"Мыкты улакчы" - Манас Ниязов
"Мыкты грек-рим күрөшчү" - Калыбек Жолчубеков
"Мыкты эркин күрөшчү" - Эламан Догдурбек уулу
"Мыкты волейболчу" - Нурмухаммед Токтоев
"Мыкты футболчу" - Валерий Кичин
"Мыкты самбочу" - Урмат Мамбетжан уулу
"Мыкты эрежесиз эр уруш чебери" - Бусурманкул Абдибаит уулу
"Жыл жаңырыгы" - Эркин Адылбек уулу
"Мыкты спортчу айым" - Дилдора Рахманова
"Мыкты машыктыруучу" - Бообек Тотошев
"Мыкты аймактык спорт комплекс" - "Нефтчи"
"Мыкты спорт клуб" - "Дордой"
"Мыкты менеджер" - Сейтек Оморов
"Мыкты өнүгүп бараткан федерация" - Көркөм гимнастика федерациясы
"Мыкты федерация" - Күрөш федерациясы
"Эрдиги үчүн Баатыр сыйлыгы" - Эсен Калиев
"Эрдиги үчүн Баатыр сыйлыгы" - Бакыт Тургунбаев
"Бийик жетишкендиктери үчүн Баатыр сыйлыгы" - Чынарбек Изабеков
"Бийик жетишкендиктери үчүн Баатыр сыйлыгы" - Нурдөөлөт Рысбеков
"Бийик жетишкендиктери үчүн Баатыр сыйлыгы" - Мелис Турганбаев
"Атайын сыйлык" - Авазбек Аманбеков
"Мыкты спортчу" - Иззат Артыков
"Мыкты меценат" - Эдил Касенов
"Мыкты меценат" - Пархат Тулендыбаев
"Спортко сиңирген эмгеги үчүн" - Темир Сариев.
Ссылка: https://barometr.kg/content522
Добавить комментарий ×