ЕврАзЭС алкагында пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишим 2018-жылы күчүнө кириши мүмкүн
ЕврАзЭС мүчө мамлекеттер арасында пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишим биздин жарандарды Евразия мейкиндигинде өздөрүн корголгон катары алып жүрүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-августта, Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн ЕврАзЭС Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда өткөн маалымат жыйынында билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
«ЕврАзЭС Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынынын күн тартибинде биз негизги жана маанилүү бир катар маселелерди карап чыктык. Анын ичинде – бирдиктүү энергетикалык рынокту түзүү, биримдиктин соода байланышын кеңейтүү, эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу маселелери бар. Конструктивдүү диалогдор болуп, көпчүлүк маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды. Бүгүн ЕврАзЭС алкагында ИДП көлөмү өскөндүгүн айтсак болот. 2017-жылдын январь-май айларына өз ара соода көлөмүнүн өсүшү 28,2% түзгөн. Бул ЕврАзЭС өлкөлөрүндө экономикалык өсүш калыптанып келатканын билдирет. Анын менен бирге интеграциялык биримдикке Кыргызстандан чыккан экспорт 29,6% жана импорт 7,3% өскөн. Биз ЕврАзЭСтин талаптарына көнүүдө улуттук экономиканын түшүп кетүү коркунучутарынан өтө алдык», – деди Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экономиканын санариптик трансформациясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
«Биз жалпы энергетика рыногун алкагында соода борборлоштурулган пайдубалды түзүүгө чечим, ЕврАзЭСке мүчө-мамлекеттердин кызматкерлеринин пенсия боюнча келишимди талкууладык. Келишимдин маанилүү бөлүгү макулдашылды. Анын күчүнө кириши биздин жарандарды ЕврАзЭС аймагында өздөрүн корголгон жаран катары алып жүрүшүнө шарт түзөт. Ошондуктан биз аталган келишим мүмкүн болушунча тезирээк– 2018-жылы ишке киришине кызыкдарбыз», – деди Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.
Жолугушуунун катышуучулары ЕврАзЭС Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2017-жылдын октябрь айынын аягында Ереван шаарында (Армения Республикасы) өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты.
Эскерте кетсек жолугушууга Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content5210
Добавить комментарий ×