Бишкекте 15 жаштагы Венера Досматованы 20 күндөн бери издеп жатышат

15 август 2017 10:36 496 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 2002-жылы туулган Венера Досматованы 20-июлдан бери издеп жатышат. Кызды апасы Гульчехра издеп жатат. Бул тууралуу kaktusmedia булагы кабарлады. 

Кыздын апасынын айтымында, ал Венераны издеш үчүн Москвадан келген.

 “Кыздын атасы менен ажырашып кеткем.Мен Москвада иштеп жаткам ал таежесиникинде турчу. 3-июлда кыз атасына барган, эки аптадан кийин ооруканада жаткан чоң энесине барып ошол бойдон үйгө келген эмес. Ошондон бери дайыны жок. Мен аны издеш үчүн Москвадан учуп келдим”,-деп айтты Гульчехра.

Аял Ленин райондук ички иштер башкармалыган арыз жазган. Венераны көргөн билгендер болсо  (0708) 17-77-89 телефонуна байланышууну өтүнүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5199



Добавить комментарий