Төрага бир нече депутаттар менен кырсык болгон жайга барды
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бир нече депутаттар жана фракция лидерлери менен барып эртең мененки болгон кырсыктан улам жабыркагандардын абалы менен таанышты. Төрага менен бирге Иса Өмүркулов, Алмазбек Баатырбеков, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Бакиров, Осмонбек Артыкбаев, Сайдолимжон Джураев, Марат Аманкулов жана башкалар барышты. Кырсык болгон жайда жүргөн Мухамметкалый Абулгазиев Төрагага учурда жабыркагандарда баардык тараптан жардам көрсөтүлүп жатканын айтып берди. Кырсык болгон жайда жүргөн жооптуу адамдарга «Эч ким эч качан көңүл буруусуз калбасын»-деп буйрук берди Чыныбай Турсунбеков.
.
Ссылка: https://barometr.kg/content519
Добавить комментарий ×