Президенттикке талапкерлер эмне менен алектенип жатышат? Бабанов өзүнүн сырларын ачты

14 август 2017 16:34 609 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 "Республика Ата-Журт" парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына андан көп учурда лидерлик боюнча кеңеш сураша турганын жана бул үчүн окурмандарга “Кылычсыз самурай” китебин окууну сунуштарын айтат.

Бабановдун лидер болуш үчүн кеңештери:

 “Менден көп учурда өзүнүн ишкерлигин жана лидерлигин өнүктүрүш үчүн кеңеш сурашат. Мен сүйүктүү китептеримдин бири, Китами Масао тарабынан жазылган “Кылычсыз самурай” китебин окууну сунуштайт элем.

 Бул XVI кылымда жашаган жөнөкөй Хидэёси деген бала жөнүндө жана анын Япониянын башкаруучусу болгону тууралуу жазылган китеп. Азыркы япон бизнеси  да бул китептен көптү алган десек болот. Китеп эмне тууралуу? Башкаруучулук жөнүндө. Эрктүүлүк жана чечкиндүүлүк жөнүндө”,-деп жазды Бабанов.

Белгилей кетсек, barometr.kg шайлоо алдындагы жарышта президентикке талапкерлер эмне менен алек болуп жатышканы тууралуу рубриканы улантууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5178



Добавить комментарий