“Тазалыкта” иштеген кызга роза жана балмуздак беришти
Бөлүшүү:
“Тазалык” муниципалдык ишканасы өзүнүн социалдык баракчасына шаардыктар анын кызматкерлеринин ишин баалап жатышканы тууралуу маалымдады.
Кабарда ишканада иштеген кызматкер кыздардын бирине белек беришкени жазылат.
“12-августта “Тазалыктын” кызматкерлеринин бири штаттык режимде жумушка чыккан. Ал иштеп жаткан маалда унаасы менен бир жигит келип ага роза гүлүн жана балмуздак берген. Жаш жигиттин айтымында ал анын ишин көптөн бери байкоого алып жүргөн.Кыз өзүнүн ишин эң мыкты аткара турганын кошумчалаган.
Кымбаттуу шаардыктар, сиздер биздин кызматкерлердин эмгегин баалап камкордук кылганыңыздарга ырахмат. Жакшы күн каалайбыз!”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content5153
Добавить комментарий ×