Арзыбек Кожошев, КРнын Экономика министри: «Пакистан аркылуу транспорт коридорун пайдалансак, Европага товар кетчү жолдун убактысы эки эсе кыскарат»

16 январь 2017 12:29 499 Barometr
Бөлүшүү:
ok

-Арзыбек Орозбекович, Пакистанга болгон иш сапар тууралуу айта кетсеңиз.  Сапар жемиштүү эле болдубу?

-Бул иш сапар абдан жемиштүү болду деп эсептейм.  11-12-январда Пакистандын  Исламабад калаасында  өкмөттөр аралык комиссия боюнча жолугушуулар өттү. Бул үчүнчү жолугушуу болду. Мындан  мындан он жыл мурун өкмөттөр аралык комиссия түзүлүп иштеген экен. Бирок ар кандай шарттар менен он жылдан бери бул комиссия иштебей калганы маалым. Былтыр экинчи жолу май айында Кыргызстанда  өкмөттөр аралык комиссия болуп алар бизге келип кетишкен.  Эсиңиздерде болсо Пакистандын премьер-министри  Назар-Шариф 2015-жылы Кыргызстанга келип кеткен.  Биз менен биргеликте Кыргызстан менен Пакистандын  мамилесин күчөтүүгө маданият, экономика, спорт, илимий жактан   сүйлөшүүлөр болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Пакистандын  1000ден  ашык студенттери билим алышаарына токтолуп, алардын санын дагы көбөйтөбүз деп айтышты. Ошондой  эле биздин төрт мамлекеттин ортосундагы эң чоң мега проектерибиз бар. Бул проектиге ылайык электр энергиясын Афганистан менен Пакистанга  Кыргызстан жана  Тажикстан жай мезгилинде  сатат.  Баалары дагы жакшы келишкен.  Учурда бул  боюнча тийешелүү иштер жүрүп жатат. 2018-жылга чейин даярдыктар бүтсө энергетика сатыла баштайт.

-2018-жылга чейин даярдык бүтөбү?

- Азырынча даярдык иштери жүрүп жатат.  Даярдоо иштери  бүткөндөн кийин 2018-жылы башталыш керек. Бирок  биздин келишимибизде 2020-жыл деп жазылды.  Мен үчүн эң чоң жаңылык болгону  транспорт  жолу менен  Кыргызстандан Пакистанга  барганга бүгүнкү күндө баардык шарттары түзүлүптүр. Алар Кытайга чейин  жол ачып, Каракорум трасссына  жакшы жолдорду куруп, Пакистан менен Кытайдын ортосунда  мамиле абдан  жакшы болуп экономикалык алака абдан күчтүү экен.  Алар бири-бирине стратегиялык жактан өнөктөш эмеспи. Биз эсептеп чыкканда буга чейин Бишкектен  Пакистандын «Караче» портуна чейин 7 күндө барышчу экен. Кечээ премьер-министр тапшырма берип транспорт министри бизге жол картасын көрсөттү. Эгер ошол жол картасы иштеп калса Бишкектен  Пакистандын портуна чейин 4 күндө барууга мүмкүндүк ачылат. Карта боюнча Торугарт аркылуу алардын портуна чейин 500 чакырым. Ошондо  Бишкек Торугарт Кытайдын Кашкар шаары аркылуу Пакистанга  биздин товарларды өткөрсөк болот.  Бул жол менен Европа мамлекеттерине биздин айыл чарба буюмдарын, балды,  фасолду жеткиргенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бүгүнкү күндө биз товарларды   Европага  товарларды Турция аркылуу жеткиребиз. Товарларыбыз көп убакытта 5-6 мамлекет аркылуу өтөт. Темир жол  аркылуу биздин товарлар  “Новороссийский”  портуна барып, ал жактан кемеге  жүктөлүп анан жетет. Ошондо  жол мөөнөтү 20 күндөн баштап  45 күнгө чейин  созулат экен.  Пакистан аркылуу транспорт коридорун пайдалансак, Европага товар кетчү жол убактысы  эки эсе кыскарат.  Кыргызстандан Пакистанга чейин  4 күндөн  7 күнгө чейин  жетсе, Пакистандан Европага чейин 2 жумага кыскарат.  Баасы дагы төмөн болот.  Мисалы Кыргызстандан Пакистанга барганга чейин  бир тонна жүктүн  баасы  миң доллардан 3 миң долларга чейин арзан болот. Ошондуктан  баасынан дагы, мөөнөтүнөн дагы биздин ишкерлер утат. ВСП+ ыкмасы боюнча  Европага эң көп товар жөнөткөн  мамлекет Пакистан болуп эсептелинет.  Ошондуктан алар “тажырыйбабыз менен бөлүшөбүз. Атайын адистерибизди Кыргызстанга жиберебиз”-деп айтышты.

-Барганда кимдерге жолуктуңуз?

-Пакистан тарабынан суу жана энергетика министри  Хаваджа Асиф менен жолуктук. Бул киши менен экинчи жолу  жолугуп жатабыз. Себеби былтыр май айында алар Бишкекке иш сапар менен келип кетишкен.  Кыргызстанга булардын көз карашы абдан жакшы. Экинчи жолугушуубуз бул президент менен болду.  Андан кийин  премьер-министри  Шариф менен жолуктук. Бул киши  бизге жакшы ойлорун айтып “Транспорт коридорун пайдалангыла,  мусулман мамлекетибиз”- деди.  Булар өздөрүн Бабурдун урпактарыбыз деп эсептеп, Ош шаарында Бабурду айтып  келип көрүп кетебиз деп айтышты. Туризим  жагын да абдан кызыгып жатышат. Бизге виза маселесин чечип берсеңер эле туристтерди көбүрөөк жиберебиз деди. Студенттерди алмаштыруу маселесин сүйлөштүк. Дүйнө жүзүндө фармацевтика, текстил жеңил өнөр жай боюнча пакистандыктардын тажырыйбасы абдан жакшы экен. Кийинки жолу буйруса Пакистан менен  Кыргызстандын ортосунда  бизнес форум өткөрөбүз. Бизнес форумда биздин ишкерлер товарларын көрсөтмөгө коюп, жарнама ирээтинде иштей алышат. Мындан тышкары транспорт, спорт министрине жолуктум. Былтыр булар Көчмөндөр оюнуна келип  абдан бизди көлдү жаратылышты көрүп сүйүп калышыптыр. Буйруса дагы туристтердин санын көбөйтөбүз деп ойлойм.

-Эки тараптуу  келишимдерге кол коюлдубу?

-Эки тараптуу келишимдерге кол койдук. Кайсыл  тармак боюнча иштейбиз, кандай кылабыз баарын сүйлөштүк. Энергетика, айыл чарба метрология, Пакистанда жакшы өнүккөн халал индустриясы, Кыргызстан, Кытай Пакистан аркылуу болчу келечектеги транспорт коридору боюнча дагы келишимдерге кол коюштук.  Эң башкысы алардын мусулман мамлекети катары Кыргызстанга көз караштары түз экен. Бизди абдан жакшы кабыл алды.

                                                                                    Барометр сайты....

Ссылка: https://barometr.kg/content515



Добавить комментарий