Билим берүү министрлиги тендер жарыялады
Бөлүшүү:
Жыл сайын кайталануучу Жогорку Окуу Жайына өтүү үчүн тест тапшырууга,, тагыраагы жалпы тестирлөөгө билим берүү министрлиги тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар кызматы маалымдап, атайын билдирүү таратты. Аталган министрлик бул кызматка 44 миллион 305 миң 600 сом сарптоого даяр экенин айткан. Тендер 13-январда жарыяланып, мөөнөтү 3-февралда аяктайт. Ага чейин атайын компаниялар өз сунуштарын берсе болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content514
Добавить комментарий ×