Максим Бакиевдин жактоочусу Алексей Елисеев Маевский менен Текебаевге “жалындуу ысык” салам айттырды

12 август 2017 11:36 1045 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Максим Бакиевдин жактоочусу Алексей Елисеев “Ата-Мекендин” лидери боюнча сот ишинен өтүп жатышкан россиялык ишкерлер Леонид Маевский менен   Алексей Модинге “жалындуу ысык” салам айттырды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.   

 “Түшүнүп турам Кыргызстандын прокурорлору менен соттору сотко карата айтылган калп сотко карата урмат көрсөтпөө менен барабар экенин түшүнүүсү кыйын. Аларда баары тескерисинче: калп айтсаң демек жогорудан келген тапшырманы аткарышка сотко жардам бересиң (Маевский менен Модинге салам)”,-деп жазды  Елисеев.

Ал ошондой эле Текебаевге “өзгөчө” салам жолдоду.

 “Бирок булар менен күрөшүү кыйын, жалган жалган акыйкатсыздык менен курулган сот сөрөйлөр (адилет сот деп айта албайм) өтө эле чоң араан менен негиздөөчү атасын (Текебаевге өзгөчө салам) жеп баратат”,-деп эсептейт Максим Бакиевдин жактоочусу.

Елисеев бул тууралуу “Кыргызстандын Башкы прокуратурасы  2005-жылы Максим  Бакиев “Жеруйдүн” мурдагы ээси Улуу Британиянын жараны Шон Дейлини өлтүрүүнү уюштургандыгы тууралуу атайлап эле фактыларды бурмалап жатат” деп күнөөлөө менен жазды.   

Ал иш боюнча башкы күбө, Израилдин жараны Берти Синбети жалган күбөлүк бергени үчүн 6 айга кесилгенин, ошол эле маалда ал сотто кескин жүйөлөрдү айта албаганын кайрадан эскертти.

 Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Улуу Брианияда Максим Бакиев боюнча болгон соттун чечимине түшүндүрмө берген кезде Синберти Лондондо сот жыйынына келбегени үчүн соттолгонун маалымдаган. Синберти сотко Максим Бакиевдин коркутууларынан улам келген эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content5118



Добавить комментарий