Челябинскиде 18-жаштагы кыргызстандык 24 жаштагы кызды зордуктап кармалды
Бөлүшүү:
Кыргызстанда туулган 18 жаштагы жаран челябинскилик кызды зордуктаган. Бул тууралуу Telefact кабарлады.
Челябинск шаарынын Калинин районунда 24 жаштагы кызга эртең менен таң атпай 18 жаштагы жигит кол салган. Ал курулуп бүтө элек имараттын жанынан кызды кармап алып зомбулук көрсөткөн. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылды.
“Шектүү жигит кармалып, кылмыш иши козголду. Ал беш жылдан бери Челябинскиде жашаган Кыргызстанда туулган жаран болуп чыкты”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content5115
Добавить комментарий ×