Ачкачылык жыйынтык берген жок. Текебаевдин талапкерлери нааразылык акциясын токтотушту

11 август 2017 12:19 355 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коррупцияга айыпталып жаткан парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын штабынан билдиришти.

“Акция токтотулду анткени, президентикке талапкер Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил боюнча сынакка киргизишкен жок”,-деп маалымдашты штабдан.

 Эскерте кетсек, кечээ БШК Текебаевдин тил сынагына кирүүсүнө шарт түзүүдөн баш тарткан.

Партиянын беш мүчөсү Текебаевди мамлекеттик тил сынагына киргизүүнү талап кылып нааразылык акциясын жарыялашкан.

Митингчилер суу ичип тамак ичүүдөн баш тартышкан болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5085



Добавить комментарий