Жайыл районунда бензовоз ала салып, 6 тонна солярка төгүлдү

11 август 2017 11:47 441 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жайыл районунда бензовоз ала салды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Ведомство берген маалыматка таянсак,  Бишкек-Ош унаа жолунун 94 чакырымында  болгон жол транспорт кырсыгында «ДАФ» унаасынын айдоочусу  рулду башкара албай калып, унаа сол капталына ала салып кеткен. 

Авариянын кесепетинен 6 тонна солярка жерге төгүлдү. Өрт өчүрүүчүлөр жагдайды көзөмөлгө алышууда. Атайын техника менен бензовоз ордуна тургузулду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5083



Добавить комментарий