Мигранттар каза тапты, алар кимдер?
Россиянын Саратов шаарындагы күтүлбөгөн жол кырсыгынан улам Нижный Новгород-Саратов трассасынын 547-чакырымындагы жол кырсыгынан 7 адам каза болгон. 15-январда РФнын ӨКМги каза болгондордун арасынан 4 адам КРнын жараны экендигин билдирген. Каза болгондордун сөөктөрү Петров райондук өлүк сактоочу жайына жеткирилген. КРнын РФгы элчилиги жана КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам нөөмөтчүлөрүнүн иш-аракетинин натыйжасында, каза болгондордун өздүгү жана жашаган жери такталып, туугандарына кабар берилди. Окуя болгон жерге КРнын РФгы миграция кызматынын жана Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жөнөп кетишкен. Бүгүн жакын туугандары тарабынан каза болгондордун өздүгүн тактоо жана Кыргызстанга жеткирүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.
Каза тапкандар...
Анашев Алмазбек Шакирович, 01.10.1974-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Маяк айылы;
Боронов Дөөлөтбек Абдуманапович, 15.11.1985-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Комсомол айылы;
Жазгүл Касымова, 28.12.1983-жылы туулган, Кыргыз жергесинде жашаган жери белгисиз. Орусияда Москва шаарынын Вторая Рощинская көчөсү-4 дарегинде катталган;
Молдошев Айдарбек Бекболотович, 30.04.1970-жылы туулган (Тойота Версонун айдоочусу), Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Жаңы-Акман айылы.
Ссылка: https://barometr.kg/content508
Добавить комментарий ×