Шайлоо участокторундагы кыргыз тилиндеги жарнактардын баарын ката жазышкан
Бөлүшүү:
Шайлоо участокторундагы кыргыз тилиндеги жарнактардын баарын "Шайлоо участкАСЫ" деп ката жазышкан. Бул тууралуу Интерньюстун кызматкери, журналист Бермет Маликова билдирди.
“Туурасы "Шайлоо участоГУ" болмок, Баардык илинген жарнактарды алмаштырууга туура келет көрүнөт”,-деп эскертти Маликова.
Өлкөнүн аймагында учурда 2,3 шайлоо участоктору түзүлгөн, чет өлөлөрдө дагы 36 участокту ачуу пландалууда. Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.
Буга чейин бүтүрүүчүлөргө бериле турган мамлекеттик аттестаттар ката жазылып июнь айында анын айланасында бир топ талкуу пайда болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content5044
Добавить комментарий ×