Бутан мамлекети тууралуу....
Жердеги бейиштей болуп, сулуулугу менен көз суктандырган чоң аянтты ээлеген бул сейил бак жөнүндө көп нерсе айтса болот. Бутан алгачкылардан болуп Манас падышалык сейил багы жаратылышты коргоо статусун алган. Ал өлкөдөгү илгерки сейил бактардын катарын толуктайт жана 1966-жылы негизделген. 1993-жылы Бутан падышасынын жарлыгы менен улуттук сейил бак болуп калган. Учурда анын аянты 1023 чарчы метрди түзөт жана “Кара тоолор” улуттук багы менен Индиянын улуттук багы биригип жаратылышы корголгон 5000 чарчы метрди ээлеген аймакка кирет. Бул падышалык сейил бакта жан-жаныбарлар ээн эркин эле жүрүшөт жана Кхалинг, Пхибс сыяктуу коруктарга да кирип кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Манас сейил багындагы өсүмдүктөр Манас падышалык сейил багы кирген корук тропикалык түздүккө, нымдуу токойлорго, бийик тоолуу абага жана муз каптаган талааларга бай. Жалпы аянтынын 9/10 бөлүгү дайым жашыл болуп туруучу бак-дарактарга бай. Бул жерде 5 миңден ашуун өсүмдүктүн түрү бар, алардын 300ү элдик медицинада колдонулуп келет.
Ссылка: https://barometr.kg/content504
Добавить комментарий ×