Унаа жолдон чыгып кетип, даракты сүздү, бир адам каза тапты

10 август 2017 12:14 467 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Жети-Өгүз районунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-август күнү саат 20:00 чамасында Липенка айылынын кире беришинде “Фольксваген Вента” үлгүсүндөгү мамлекеттик №S01-28Н жеңил унаа жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөн.

Унаанын ичинде 50 жаштагы Б.Т аттуу айдоочу эки баласын менен кетип бара жаткан.

“Кырсыктын кесептинен айдоочунун 7 жаштагы Т. уулу А. Аттуу баласы жеринен каза болуп, ал эми 12 жаштагы баласы оор абалда Каракол шаардык ооруканага тез жардам кызматы тарабынан жеткирилген”,- деп айтылат маалыматта.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5038



Добавить комментарий