“Каражыгач” сейил багында “Китеп менен эс алуу” деген аталыштагы акция өтүп жатат

10 август 2017 10:58 516 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Каражыгач” сейил багында “Китеп менен эс алуу” деген аталыштагы акция өтүп жатат. Акция “Каражыгач” сейил багында 7-18-августка чейин саат 14:00дөн 16:00 чейин уланат.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, акциянын максаты жаштарды китеп окууга үндөө, калктын бардык катмарын китепканаларга чакыруу болуп эсептелет.

Акциянын алкагында оюндар, мастер класстар өтүп, “Айданек” реаблитациялык борборунун балдары, шаар тургундары катышкан. Бардык катышуучулар интеллектуалдык суроолордо активдүүлүктөрүн көрсөтүшкөн. Айырмалангандарга белектер тапшырылды.

Ошондой эле, кыргыз, орус тилиндеги китептердин көргөзмөсү уюштурулган. Айрым окурмандар сунуш кылынган китептер үчүн ыраазычылык билдиришти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content5030



Добавить комментарий