Аялзатынын ар куракта аталыштарын жакшы билесизби?

14 январь 2017 13:12 3228 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Колукту, жар, келинчек, жубай, зайып, катын, аял, жолдош, кемпир, байбиче деп атап келебиз. Эми мүмкүн болушунча ар бирин чечмелеп бергенге аракет кылалы.

Колукту – жаш жигиттин жаш колуктусу, келин болгонго чейинки мезгил. Башкача айтканда, кыздын колун сурап барган, нике кыйылганга чейинки учурда айтылган. «Кыз күйөөгө тиймейин, кемпир болсо дагы кыз аты калбайт. Келин төрөмөйүн, кемпир болсо дагы келин аты калбайт», – деген кыргыз элинин макалы дагы ырастап турат.

Жар – эркек менен аял бир бүтүндүктү туюндуруп, ал эми аны экиге бөлсө, жарым-жарымдан бөлүнөт эмеспи. Демек, «жарым» деген сөздөн кыскартылып айтылып калса керек. Ошондуктан кыргыздар эки жаш баш кошкондо жар-жар айтып, «түгөйү, жарымы табылды», – деп жарыя айтып, жар-жар чакырып, той өткөрүп келишкен. Ал эми бүгүнкү күндө байма-бай айтылып келе жаткан келинчек сөзүнүн таржымалына келсек, К.Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» (370-бет) «эри өлүп, эрге тийген келинчек болот», – деген макал бадырая жазылып турат. Демек, бүгүнкү күндө карыбыз дагы, жашыбыз дагы жарыбызга кайрылып, аларды тааныштырганда айтып жүргөн сөзүбүздө чоң ката бар турбайбы. Муну эмне себептен байкабай келдик? «Чек» деп тергеп айтылганында шек бар экенине эмне себептен көңүл бурулбай келди? Жада калса биз өз сөздүгүбүзгө дагы кайдыгер мамиле кылат турбайлыбы. Бул жерден белгилеп кете турган нерсе кимдир бирөө: «К.Юдахин туура эмес талдаган же которгон, улуу окумуштуулар улуу жаңылат», – дегендер дагы чыгышы мүмкүн. Анда эмесе бүгүнкү мезгилге чейин эмне себептен бул сөздү төгүндөгөн эмгектерди жазбай келе жатабыз?...

Жубай – «жуп» же «жубатуучу», «көңүл жубатаарым» деген сөздөрдөн келип чыгышы мүмкүн. Дагы эске ала турган жагдай кыргыз элинде: «Атка бергис кунан бар, кызга өткөн жубан бар», – деген макалыбыз да жубай сөзүнө жакындашып, көп нерсеге ой салып  турат. Демек, изилдеп-иликтөөгө алышыбыз зарыл. 

Зайып – кыргыз тилине арап тилинен кирген. Кызыгы «Манас» эпосунда «зайыпуруш» деген сөз дагы кездешет. Себеби кыргыз көчмөн, ошол эле учурда жоокер эл болгондуктан эркектери гана колуна курал алып чабышпастан, кыз-келиндери дагы согуш өнөрүн өздөштүрүшүп, керектүү учурда эл-жерин, эл намысын коргогонго мүмкүнчүлүктөрү жеткен. Бул жерден белгилей турганы кыз кезинде колуна кылыч, найза алып, согуш өнөрүн көрсөтүп, баатыр атыккандар турмуш курган мезгилде зайып аталып калышы дагы толук ыктымал.

Катын – бул сөз бүгүнкү мезгилде көп аялзатына жага бербеген, аларды кыжалат кылган, басынткандай туюлган сөзгө айланып калгандыгы дагы жашыруун эмес. Ал эми бул сөздүн этимологиясына келсек, бир нече варианттарда айтылып келет. Катын сөзү кыргыз тилине перси, арап тилдеринен оошуп келген. Перси тилинде «хатун» – «түнкү ляяззат», – деген маани билдирсе, арап тилинде – «таңкы нур», – деген маанини түшүндүрөт экен. Кыргыздарда 1917-жылга же Октябрь революциясына чейин «катын» сөзү – «кут», «бак» деген аруу, таза ойлорду туюнтуп келсе, коомдун алмашышы, бир партиянын бийликке келиши, революциялык ураандар, бай-манаптардын сөздөрүн колдонуудан чыгаруу чакырыктары жаңы сөздөрдү чыгарууга түрткөн. Мына ошол мезгилден баштап «катын» (орто жашап калган мезгилден баштап айтыла баштаган) сөзү, «аял» сөзү менен алмашты дагы калды. Бул сөздү кыргыздын алгачкы интеллигенциясы «... Кандай аял тууду экен Лениндей уулду» деген ырлары, жараткан чыгармалары аркылуу элге бат эле жайылтып жиберишти. Туура, айтканга жеңил, кулакка жагымдуу, уккулукту угулганы менен маани-маңызы туура эмес түшүнүктү берип жатканына дале кайылбызбы? «Аял» сөзү деле киринди сөздөрдөн да. Арап тилинен кирген. Кыргызча мааниси: «токтой тур, күтө тур, аста, абайла» же «аялда, аялдай тур» деген маанини берип турбайбы. Макул башкасын айтпай эле бүгүнкү күндө байма-бай колдонулуп жүргөн аялдаманы (остановка) алалычы, ал жерде канча адам турат же канча убакытка чейин турат? Күткөн унааң келгенче гана турасың. Келбесе кете бересиң келген жагыңа. Ал эми «сенин жарыңмын» деп жүргөн адамдын жанында азыраак турбасак керек... Демек, жыйынтык чыгара турган, элге жеткире мезгил келип жетти. Ар бир сөз өз ордунда, өз мааниси менен турушу керек. «Ала кушту атынан айтып чакыра» турган деле мезгилге келип жеттик.       

Кемпир – бул сөз дагы перси тилинен кирген. Жашы жогорулап, улгайып бара калган мезгилде айтылган. «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр», – деп, «зыйнатына канча адам келди, канча бала-бакырасы бар экен, келин-кесеги кантип кошок кошту, кийити кандай болду? Сандыгын ачалы, келген-кеткенге чачалы», – дешип, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан көрүнбөйбү.

Байбиче – үйдүн кожойкеси, «катын үйдүн куту, эркек үйдүн түркүгү», – дегендей үй ичине ээлик кылып, ички-тышкы мамилени теске салып, балдардын тарбиясын өз мойнуна алган. Байбиче – бул социалдык статус. Бул наамды бир нече аялы бар адамдын улуу аялы алып жүрүүгө укуктуу болгон. Көчмөн элдерде атанын мураскору катары байбиченин балдары гана табылган. Ал эми кыргыз элинин карт тарыхында экинчи, үчүнчү, төртүнчү болуп тийген жубайлары деле байбиче даражасына жеткен учурлар көп кездешкен. Биринчиден, алардын зиректиги, үй оокатына тыңдыгы, күйөөсүнүн көңүлүн таба билгендиги, урук-туугандын ыраазчылыгына жетише билиши менен жетсе, экинчиден, ак уул, кызыл кызды төрөп берип, тукумдуулугу менен айырмаланса, үчүнчүдөн, уулдары мыкты чыгып, эл бийлеп, атанын уулу атыгып калган мезгилде эл байбиче атыктырып жиберишкен.

                                                                     О. Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу.

                                                                           

                                                 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content502



Добавить комментарий