Москва-Бишкек жолунда 17 кыргызстандык түшкөн маршрутка кырсыктап, эки киши каза тапты
Бөлүшүү:
Россияда кыргызстандыктар түшкөн автобус кырсыкка кабылып, эки киши каза тапты. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары кабарлашууда.
8-августта Бакалка кыштагынын 26 жаштагы тургуну (аял киши) айдап бара жаткан «Заз-Ланос» унаасы каршылаш тилкеге чыгып кетип «Мерседес» микроавтобусу менен кагышкан.
Автобус Москва – Бишкек багытында бара жаткан, анда 2 айдоочудан тышкары 15 жүргүнчү болгон. Баары тең Кыргызстандын жарандары. Алардын бешөө Оренбургдун ооруканасына жеткирилди.
Кырсыктан эки киши-айдоочу аял жана ошол тушта башка унаа айдап бара жатып аварияга кабылган айдоочу каза тапты.
Ссылка: https://barometr.kg/content4999
Добавить комментарий ×